• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР элчиси Пакистанда өткөн саммитте Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. 17-ноябрь күнү Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э. Бейшембиев Гвадар шаарында болуп өткөн “Kытай-Пакистан экономикалык коридору - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрү” аттуу саммитке катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул саммит Равалпинди шаарынын Соода-Өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн Пакистандагы элчиликтеринин башчылары, Пакистандын саясий жана мамлекеттик лидерлери, ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучуларына Гвадар портунун инвестициялык, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилген.

Кытайлык порт холдингинин жетекчилиги кыргыз тарапка порт менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Гвадар портун кыргыз ишкерлери үчүн ачууга даяр экендигин билдирген.

Саммиттин жүрүшүндө Бейшембиев саммиттин катышуучуларына Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берген.

Пикир

Оставить комментарий