• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. 11-октябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде, ноябрь айында Анкара шаарындагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумун өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий