• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын энергетика тармагын каатчылыктан чыгаруу чаралары

Аналитика 0

Күн мурун энергетикалык тармакты масштабдуу оптимизациялоо жүрүп жатканы жарыяланды. Бул үчүн бир нече негиз болгон, бирок эң башкысы түрдүү факторлор менен коштолгон каатчылык. Анын ичинен эң негизгиси ири насыя түйшүгү, тарифтерди атайылап кармап туруу жана каражаттын олуттуу жетишсиздиги. Муну менен катар өлкө туш болгон кургакчылыкты дагы унутта калтырбаш керек. Ошентип, бийлик учурдагы абалды жеңилдетүүчү, андан ары тармакты каатчылыктан чыгаруучу бир катар чараларды көрдү.

Улуттук энергетикалык тармактардын басма сөз кызматы билдиргендей, алдыдагы 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгили республикада электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнөн жана Нарын дарыясынын куйган жерлерде кардын топтолушунун жылдык орточо ченинин төмөндүгүнөн улам пайда болгон электр энергиясынын ири жетишсиздигинен оор болуусу күтүлүүдө.

Көрүлгөн биринчи чара – бул Казакстан жана Өзбекстандын энерготутумдары менен электр энергия алмашуу. 2021-жылы марттан 2022-жылдын мартына чейин алардан 1,650 млрд кВт/саат алынат жана ал 2021, 2022, 2023-жылдардын жай мезгилинде 550 млн кВт/сааттан берилип кайтарылат. Ошентип, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде Кыргызстан жетишсиздикти жабүү үчүн 11 млрд кВт/саат электр энергиясын алат.

Экинчи чара – Бишкек шаардык ЖЭБине кошумча жүктү көбөйтүү, бул жетишсиздикти жабуу үчүн дээрлик 1 млрд кВт/саат берет.

Кийинки натыйжалуу чара – электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан дагы, дүңүнөн сатуучулар тарабынан дагы электр энергиясын керектөөнү кескин чектөө болуп саналат.

Энергетика ардагери Лев Васильевдин айтымында, энергетиканы өнүктүрүү үчүн тарифтерди оптимизациялоо зарыл, анткени азыркы тарифтер оңдоо иштерине да керектүү каражатты бөлүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

“Техникалык эксплуатация деген түшүнүк бар, ал жакта кайсы мөөнөттө, оңдоонун кандай түрлөрү жана кандай көлөмдө жүргүзүлүшү керектиги жазылган. Ал эми каржылоо 50%дын тегерегинде болуп жатса эртеби-кечпи ишенимдүүлүк үзгүлтүккө учурайт”, - деди Васильев.

Муну менен катар тармактын ардагери жылуулук электр борборлору үчүн отундун сапатына дагы көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Станциялар көмүрдү гана сатып алышпайт, ал эми көмүрдүн ар кандай түрү ар кандай көлөмдө жылуулук бөлүп чыгарат. Мисалы, бир килограмм көмүртекти күйгүзүү үчүн аба менен кошо белгилүү бир өлчөмдө кычкылтек керек болот, анын бары күйүп кетсе, эгер түтүн көбөйсө, анда алардын бири күйүү режимин бузган болот”, - деп түшүндүрдү Васильев.

Жогоруда айтылган факторлордон сырткары эң маанилүү фактор катары, кургак циклдин башталышын жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу деңгээлге төмөндөп кетүү коркунучун айтсак болот.

Электр тармактары жаатындагы эксперт Бекбо Маматбеков Кыргызстандын электр тармагынын кыйрашынын башкы себеби – чыгым менен иштеген тариф саясаты деп белгиледи.

“Бизде тариф саясаты дайыма өзүнүн баасынан төмөн болуп келген. Башкы себеп – бул олку-солку тариф саясаты. Ошондой болсо да бийлик эки жакка тең алгылыктуу болгон тариф коюуга аракет кылган эмес. Дайыма элдин каарынан коркуп келишкен. Натыйжада тармактын толук кыйроосуна туш болдук. Тарифтик саясат баарын нөлгө жеткирген күндө дагы зыяны азыраак болмок. Базар экономикасынын шартында атайын төмөн тариф коюу – тармакты атайылап жок кылуу”, - дейт ал.

Мындан тышкары, эксперт эл электр энергияга кайдыгер мамиле жасап, ысырапкорчулуктун белгилүү нормасы бар деген ойдо.

“Бизде элдер эң кымбат унааларда жүрүшөт, күйүүчү-майлоочу майдын ири өлчөмүн керектешет. Өлкөдө жашоо деңгээли өсүп жатат, аны менен катар инфляция дагы жогорулоодо. Бир гана тариф саясаты мурдагыдай эле пайдасыз бойдон калууда. Ачык айтканда, элдер электр энергиясын үнөмдөбөйт, ал эми керектөөнүн көлөмү жылдан жылга өсүп жатат. Биз Камбар-Ата ГЭСин курбасак абал жакшырбайт”, - деди ал.

Маматбеков жаңы бийликтин келиши менен энерготутумдун чыныгы жүзү ачылды деп белгиледи.

“Жаңы бийлик эч нерсени жашырган жок, тескерисинче өлкөдөгү энергетиканын жалпы абалын көрсөттү. Бүгүн тармакты реформалоонун реалдуу идеялары жана варианттары айтылууда. Электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруу реформалоо чараларынын бири”, - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Белгилей кетүүчү жагдай, республиканын керектөөчүлөрүн керектүү энергия менен камсыз кылуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн эң аз 8,2 млрд куб метрде сактоо максатында 2021-жылы Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги жүктү максималдуу көбөйтүү жана электр энергияны 2,5 млрд кВт/саатка чейин өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Мындан тышкары, азыркы учурда Казакстан жана Өзбекстан менен 1,650 млрд кВт/саатка чейин электр энергия алмашуу боюнча келишимдер түзүлүп, учурда 646,4 млн кВт/саат электр энергия жеткирилди.

Жогоруда келтирилген фактыларга байланыштуу, энергетика тармагы энергетикалык компаниялардын бюджеттеринин чыгым бөлүгүн, каражаттын жетишсиздигин азайтуу максатында 1,7 млрд сомго кыскартуу зарыл чарасын көрүүгө мажбур болууда. Алардын ичинде:

- "Электр станциялары" ААК - 898,8 млн сом;
- "Чакан ГЭС" ААК - 10,2 млн сом;
- "Кыргызстан УЭТ" ААК - 142,7 млн сом;
- "Түндүк электр" ААК - 477,6 млн сом;
- "Чыгыш электр" ААК - 49,5 млн сом;
- "Ош электр" ААК - 81,3 млн сом;
- "Жалалабатэлектр" ААК - 40,7 млн сом;
- "Бишкекжылуулуктармагы" ААК - 21,8 млн сом.

Энергетика тармагынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу менен Улуттук энергетикалык холдингде башкарма мүчөлөрүнүн саны 1 бирдик, кеңешчи жана холдингдин 6 кызматкеринин санынын кыскаргандыгын эске алуу менен жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди.

“Ошондой эле 9 энергетикалык компаниянын 7синде башкы дирекциянын мүчөлөрү 4төн 3кө чейин кыскарган, кеңешчи кызмат орундары кыскарган жана ички аудит кызматтары жоюлган. Ошол эле учурда, ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлөт”, - деп түшүндүрүштү Улуттук энергохолдингден.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий