• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын энергетика секторун реформалоо боюнча Жол картасы тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиевдин жана туунду коомдордун башчыларынын жетекчилиги астында жогоруда аталган ишканада энергетика секторун реформалоо боюнча Жол картасынын таанытымы болду.

Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алкагында компаниялар актуалдуу делген маселелерди талкуулап, чыгашаларды оптимизациялоого жана энергетикалык ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды ишке ашыруу боюнча алдындагы биргелешкен пландарды аныкташты.

"Пландар коюлуп, аларды ишке ашыруунун мөөнөтү такталды, эми болсо алдыга карай умтулуп, биргелешкен аракеттер менен жаңы энергетиканы түзүшүбүз керек" - деп белгиледи анда холдингдин төрагасы.

Эскерте кетсек, энергетика тармагынын башкаруу түзүмүнүн реорганизациясы КР Коопсуздук кеңешинин, министрлер кабинетинин жана Энергетика министрлигинин тектеш келүүчү чечиминин алкагында ишке ашырылууда.

Андан сырткары, оптимизацияланган чыгашалар жаңы генерация кубаттуулуктарын куруу долбооруна, энергетика жабдууларын оңдоп-түзөөгө жана модернизациялоого, Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий