• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын энергокубаттуулугунун интерактивдүү картасы жакында ишке киргизилет – Зилалиев

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун интерактивдүү картасы апрелдин орто ченинде ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, интерактивдүү карта даяр. “Бизде сынамык варианты бар. Бүгүн эле мен бул маселени көтөрдүм. Аны өзүм көзөмөлдөп жатам. Адистер акыркы штрихтерин бүтүрүп жатышат жана апрелдин ортосунда анын бет ачарын өткөрөбүз. 24-мартта Өкмөттүн жыйыны болуп, анда премьер-министр бул маселени көтөрдү. Мен иш бүтүү алдында тургандыгын маалымдадым”,-деди Д.Зилалиев.

Анын айтымында, Өкмөт тарабынан ишти 1-майга бүтүрүү мөөнөтү коюлган. “Бирок, биз аны эрте ишке бергени турабыз”,-деди Мамкомитеттин башчысы.

Эскерте кетсек, 16-январда Мамкомитеттин башчысы Д.Зилалиев Бишкек шаарынын энергетикалык кубаттуулугунун интерактивдүү картасынын бет ачарын өткөрүүнүн жүрүшүндө кол алдындагыларга бүткүл өлкөнүн ушундай эле картасын кыска мөөнөттө иштеп чыгууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий