• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акматов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жогорку аудит орган башчыларынын жыйынына катышууда

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын башчыларынын 6-жолугушуусуна катышууда. Иш-чара ушул күндөрү Индиянын Лакхнау шаарында өтүп жатат.

Жыйындын ачылыш аземине ШКУнун башкы катчысынын орун басары Нуран Ниязалиев жана Уттар-Прадеш провинциясынын губернатору Анандибен Пател айым катышты.

«Аудитге жаңы технологияларды киргизүү» темасында баяндама жасап жатып, Эсептөө палатасынын жетекчиси Алмазбек Акматов, глобалдык санариптештирүү доорунда аудит процесстерин санариптештирүү жана IT аудитти өнүктүрүү зор роль ойноорун белгиледи. Анткени, маалым болгондой, маалыматтык тутумдун аудити маалыматтык системалардын учурдагы абалы жөнүндө объективдүү сапаттык жана сандык маалыматтарды алууга жана баалоого мүмкүндүк берет. «Бүгүнкү күндө жогорку аудит органдарынын ишине маалыматтык технологияларды киргизүү жана колдонуу - маанилүү тенденция жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун факторлорунун бири болуп саналат.

Жогорку аудит органдары мамлекеттик аудитти жаңы сапаттык деңгээлде ишке ашыруу боюнча ишмердүүлуктү санариптештирүүнү эске алуу менен жаңы милдеттерди ишке ашыруу үчүн өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт», - деп кошумчалады ал.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында Алмазбек Акматов Кытай Эл Республикасынын башкы аудиторунун орун басары Чжан Кэ мырза менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын жогорку көзөмөл органдарынын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле Россиянын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында катышуучулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын башчыларынын 6-жолугушуусунун Протоколу, Биргелешкен билдирүүсү жана 2023-2024-жылдарга иш-аракеттер планы сыяктуу жыйынтыктоочу документтерин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий