• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын "EREM" командасы футзал боюнча ассоциациясынын алгачкы кубогунун ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясынын алгачкы кубогунун алкагында Чолпон-Ата шаарында эки эл аралык команданын финалдык оюну болуп өттү. Анда Кыргызстандын "EREM" командасы менен казакстандык "Жетису" командалары беттешти. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Турнир 4-сентябрда болуп, кыргызстандык "EREM" Казакстандын командасын 5:4 эсебинде жеңип, мелдештин чемпиону аталды.

Ал эми, мелдештин коло байгеси үчүн "Фарватер" менен "Строй-Мир" командалары ат салышкан. Оюн 3:1 эсебинде "Фарватер" команданын эсебинде жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий