• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар "Ак шумкарларды" аэропорттон тосуп алышты – видео

Спорт 0


Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Мекенине кайтып келген Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын "Манас" аэропортунан күйөрмандары тосуп алды.

Күйөрмандардын катарында эстрада ырчылары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, спортчулардын туугандары, журналисттер болгон. Алар курама команданы добулбастын коштоосунда тосуп алышты.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, футболчуларды тосуп алууну каалагандар 400дөн ашык болгондуктан каттоо киргизилген.

Ошондуктан аэропортко баары бара алган жок. Бирок бүгүн Ала-Тоо аянтында саат 15:00дө "ак шумкарлардын" Азия Кубогундагы ийгилигине карата арналып концерт өтөт. Ошол жактан күйөрмандар сүйүктүү оюнчулары менен жолуга алышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы Азия Кубогунда алгач ирет катышып, күйөрмандарына жаккан оюн көрсөтө алды. Алар плей-офф баскычына чыгып, 1/8 финалда Бириккен Араб Эмираттары менен болгон оюнда акыр-аягына чейин күрөшүп, тилекке каршы утулуп калышты.

Ошентсе да ак шумкарлар ал мелдеште өз күйөрмандарын кубандыра алышты.

Пикир

Оставить комментарий