• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде 97-орунга жайгашты

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрь күнү Эл аралык футбол федерациясынын жарыялаган футбол курамаларынын жаңыланган рейтингине ылайык Кыргызстандын курамасы тизмеде 2 орунга ылдыйлап, 97-орунга жайгашты. Буга чейин 25-июлда чыккан рейтингде Кыргызстандын курамасы 95-орунда болгон.

Белгилей кетсек, 25-июлдан бери ак шумкарлар бир оюн өткөрүшкөн: 2020-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Тажикстан менен ойноп, аларга 0:1 эсебинде утулуп калган.

Тизменин сап башында Бельгия, Франция жана Бразилия турат.

Пикир

Оставить комментарий