• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы жолдоштук беттеште Индиядан утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы футбол боюнча жолдоштук беттеште Индиянын оюнчуларына 2:0 эсебинде утулуп калды.

Беттеш “Үч улуттун кубогу” турниринин алкагында Индиянын Импхал шаарындагы стадиондо өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин "Ак шумкарлар" Мьянманын командасы менен тең чыккан: 1:1.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Индияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө, ошондой эле “Үч улуттун кубогу” турнирине катышууда — Индиянын, Мьянманын жана Кыргызстандын.

Пикир

Оставить комментарий