• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын футбол боюнча U-16 курамасы Минскте өтө турган эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкекте 21-январдан тарта Кыргызстандын өспүрүмдөр U-16 курамасынын окуу-машыгуу жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Башкы машыктыруучу Самат Суймалиевтин жетекчилиги алдында команда 3-февралга чейин жыйынды өткөрүп, “Өнүгүү кубогу” эл аралык турнирине катышуу үчүн Минск шаарына сапар алат.⠀

Эске салсак, “Өнүгүү кубогу” 5-14-февраль күндөрү орун алып, кубок үчүн тогуз мамлекеттин U-16 өспүрүм курамалары катышат - Азербайжан, Беларусь, Грузия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстан.

Өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынга 25 оюнчу чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий