• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Мьянмага каршы оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-19) Мьянманын олимпиада курамасы (U-23) менен беттеш өткөрөт. Ал оюн 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо туруна даярдык көрүүнүн алкагында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Учурда Кыргызстандын курамасы ал мелдешке Катарда даярдык көрүүдө.

Аталган мелдешке даярдык көрүүнүн алкагында буга чейин кыргызстандык спортчулар Алматынын "Кайрат" командасы менен эки оюн өткөргөн. Эки оюн тең 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.

Ошондой эле, 14 жана 17-октябрда Жидда шаарында Сауд Арабия менен эки беттеш өткөргөн. Эки оюнда тең Кыргызстандын футболчулары жеңилип калган – 5:1, 2:0.

Аны менен бирге алар Палестинанын жаштар курамасы менен ойноп, эсеп тең чыккан (0:0).

Эми 31-октябрь күнү кыргызстандык футболчулар Мьянма менен ойнойт.

Эскерте кетсек, 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине (U-19) тандоо турундагы оюндар 6-10-ноябрь күндөрү Иранда өтөт. Тандоо турунда Кыргызстан D тайпасына туш келип, ал тайпада БАЭ, Непал, Иран бар.

Пикир

Оставить комментарий