• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Футбол федерациясы аталышын эмнеге өзгөрткөнүн айтты

Спорт 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы аталышын эмнеге өзгөрткөнүн айтты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2019-жылдын 14-ноябрында Футбол федерациянын кезексиз жыйынында кабыл алынган. Анда бардык 39 делегат "макул" деген добушун берген.

Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлгөн. Анткени, ФИФА жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизген. Мындан улам, буга чейинки “Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын” коомдук бирикмеси уюштуруу-укуктук таризи мындан ары ылайыктуу жана эффективдүү болбой калды.

Андыктан, кабыл алынган юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана азыркы учурдагы эң оптималдуу уюштуруу-укуктук тариз болуп саналат. Бул бирикменин алкагында, негизги футбол уюмдарынын коммерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштөөгө, чогуу иштеген ишмердүүлүктү бир багытка салуу жана керектүү кызыкчылыктарды чогуу көрсөтүү менен коргоого мүмкүн болот.

Конференциянын жыйынтыгында 2020-жылдын 1-январынан тарта “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмесине тиешелүү спорттук жана башка укук, милдеттемелерди Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү катары “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөрүлүп берилсин деген токтом кабыл алынган.

“Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

Пикир

Оставить комментарий