• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын футбол федерациясынын башчысы Султанов кызматынан кетти

Спорт 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал белгилегендей, бул чечим көпкө ойлонуп кабыл алынган жана ал кимдир бирөөнүн таасири менен болгон эмес.

"Биз биздин курама команда Азия Кубогуна чыгууга укук ала турган болсо бул маселени караштырууну ойлогонбуз. Бул иш жасалды. Эми биздин футболубуздун өнүгүүсүнүн бир этабынын аягына келдик. Бул чечимге карата ар кандай мамиле болорун билем", - деп айткан Султанов, футболдо каларын жана кезек жаңы идея, көз карашы бар адамдарга келгенин билдирген.

Ал Футбол федерациясын 2012-жылы жетектей баштап, 2016-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Султанов жетекчилик кылган мезгилде Кыргызстандын курамасы алгач ирет Азия Кубогуна чыга алды.

Пикир

Оставить комментарий