• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде 95-орунду сактап калды

Спорт 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA жаңы рейтингинде 95-орунду сактап калды.

Жаңы рейтинг Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) расмий сайтында бүгүн, 4-апрелде жарыяланды.

Акыркы айда Кыргызстан беттештерди өткөргөн эмес. Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан 14-орунда турат.

Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда Бельгия турат, андан кийин – Франция, Бразилия, Англия жана Хорватия.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 85-орунда, Кыргызстан – 95, Казакстан – 116, Тажикстан – 120 жана Түркмөнстан – 136 орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий