• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында экинчи орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы F тайпасындагы тизмеде экинчи сапка көтөрүлдү.

Оюндар 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Япониянын курамасы Тажикстанды 3:0 эсебинде уткандан кийин F тайпасындагы тизме өзгөргөн.

Учурда Кыргызстандын курамасы 6 упай менен тизменин экинчи орунунда жайгашкан. Сап башын 9 упай менен Япониянын командасы ээлик кылууда.

Ак шумкарлар 14-ноябрда Япониянын командасы менен оюн өткөрөт. Ал эми, 19-ноябрда Тажикстандын оюнчуларын өз талаасында кабыл алат.

Эскерте кетсек, улуттук курам алгачкы оюнда Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилген. Кийинки беттештерде Мьянманын командасын (7:0) жана монголиялык футболчуларды (1:2) жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий