• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 94-орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка көтөрүлүп, 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Рейтингде жалпы 211 курама бар. Алдыңкы үчтүккө Бразилия, Аргентина жана Франциянын командалары кирди. Ал эми Азия футбол конфедерациясына кирген улуттук ассоциациялардын рейтингинде “Ак шумкарлар” 16-сапта (46 орундун ичинен) турат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий