• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын футбол курамасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, оюн 9-ноябрь күнү Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда болуп өтөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Дүйнө биринчилигине жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 14-ноябрда Япониянын курамасы, ал эми 19-ноябрда Тажикстан менен ойнойт. Эки оюн тең Кыргызстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий