• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын футбол курамасына арналып концерт өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын кыргызстандыктар эртең, 24-январда Ала-Тоо аянтынан тосуп алууга болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аэропортко баардык күйөрмандар сыйбай турганын эске алып жана алар башкаларга тоскоолдук кылып коюшу мүмкүн болгондуктан, "ак шумкарлар" менен жолугушууну аянтта да өткөрүү чечими кабыл алынган.

Атайын биздин кураманын оюнчулары үчүн саат 15:00дө концерт уюштурулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол тарыхында алгач ирет биздин курама команда Азия Кубогуна катышып, тайпалык баскычтан чыга алган. Плей-офф баскычындагы Бириккен Араб Эмираттары менен болгон беттеште Кыргызстандын курамасы мыкты оюн көрсөтүп, бирок 3:2 эсебинде утулуп калды.

Пикир

Оставить комментарий