• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол: Азамат Байматов оюн талаасына кайтып келет

Спорт 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын коргоочусу Азамат Байматов алган жаракаттарынан кийин толук калыбына келгендиктен оюн талаасына кайтат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Байматов москвалык клиникалардын биринен текшерүүдөн өтүп, дарыгерлер ал, оюн талаасына кайта аларын айтышкан.

"Дарыгерлер ал алган жаракаттарынан кийин калыбына келгенин ырасташкан. Ошол эле клиникада Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын (U-19) оюнчусу Анастасия Алдамжарова операция болгон. Азамат аны көрүп келип, айыгып кетишин тилеген", - деп билдиришти федерациядан.

Эми Байматов улуттук кураманын жана "Дордой" клубунун катарына кайта алат.

Пикир

Оставить комментарий