• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчулары Онкология борборундагы балдарды көрүп келишти

Спорт 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчулары Онкология жана гематология улуттук борборунда дарыланып жаткан балдарды көрүп келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Фархат Мусабеков, Кутман Кадырбеков жана Айзар Акматов "Жардамдашуу оңой" коомдук фонду менен бирге балдарды көрүп келишкен.

Балдардын арасында курама командага күйөрман болгондору жана Азия кубогунда аларга жан үрөгөндөрү бар болгон. Футболчулар мелдеш тууралуу айтып, балдардын суроолоруна жооп беришкен. Өздөрүнүн чакан белектерин берген спортчулар алар менен сүрөткө түшүшкөн.

"Бизге мындай визиттерди жасоо өтө маанилүү. Бүгүн балдарга жагымдуу маанай тартуулай алдык. Эсте каларлык жолугушуу болду. Ар бир балага сакайып кетишин каалайм", - деген Фаркат Мусабеков.

Пикир

Оставить комментарий