• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү. Рейтингдин жаңыртылган версиясы февраль айынын башында чыкканын Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Рейтингде Кыргызстандын курамасы 1067 упайы менен 43-орунда турат.

2019-жылы жаңыртылган рейтинг боюнча улуттук курама 44-орунда болчу. Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан тизменин 8-сабында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий