• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын ИӨБ, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы „Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы“ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий