• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын январда электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 935 млн кВт саатты түздү

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын январда электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 935 млн кВт саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы билдирди.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 935 млн кВт саатты түздү.

2019-жылдын январь айында бул көрсөткүч 1 млрд 824 млн кВт саатты түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий