• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токиодо Кыргызстан менен Япониянын дипмамилелеринин 30 жылдыгына карата иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 21-майда Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Япониянын маданият иштери боюнча агенттиги жана "Min-on" концерттик уюму менен биргеликте Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата "Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү" атындагы концерт-ток-шоу өткөрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Минато (Токио) шаарындагы Акасака коомдук борборунда өттү.

Түшкү балдар программасында катышуучуларга Кыргызстан жөнүндө презентация жана салттуу бийлер менен улуттук музыкалык аспаптарда концерт тартууланды. Эң жаш жана активдүү катышуучулар "Беш ыргай" кыргыз бийин аткарууга өз аракеттерин сынап көрүштү.

Кечки программада Цукуба Университетинин профессору Тосинобу Усуяма мырза Токио музыка университетинин окутуучусу Калыйман Уметбаева жана Кыргыз-Япон маданий алмашуу ассоциациясынын төрагасы Лео Тадагава менен маданий алмашуу болду.

Кечки иш-чаранын башында элчинин кеңешчиси Эркин Атабеков, Япониянын маданият иштери боюнча агенттиктин директору Хирохико Накахара, ошондой эле "Min-on" концерттик уюму президенти Казуто Ито саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Ток-Шоунун аягында Калыйман Уметбаева (комуз), Харука Хаякава (комуз), Масаси Като (комуз), Лео Тадагава (ооз комуз), Томоко Мицуиси (кото) жана Руи Ямото (кыргыз бийи) аткарган концерти өттү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий