• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын ИДПнын 75 пайызын 2145 ири ишкана түзөт - премьер-министр

Экономика 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продуктусунун (ИДП) 75 пайызын 2 миң 145 ири ишкана түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматында өтүп жаткан жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтуусунда, региондордо ири ишканалар ачылууда, бирок алардан салыктык төлөмдөр аз түшүүдө.

"Мисалга, Оштон болгону 3%, Чүй облусунан 6% гана түшүүдө", - деп билдирди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 25 миң жумушчу орду түзүлгөн.

"2 миң ири ишкана ачылды. Чүй облусунда кызмат көрсөтүү боюнча 531 ири ишкана бар. 23 миң жумушчу орду түзүлүүдө, экономика өсүп, ага жараша салыктык түшүүлөр да өсүшү керек", - деп билдирди өкмөт башчысы.

Абылгазиев салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшү башкарууга байланыштуу экендигин айтты. Премьер-министр шаардык, райондук башкармалыктардын жана ири ишканалардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу ниети бар экендигин да кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий