• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын ИДПсы 4,3% өстү — Улуттук статистика комитети

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукция (ИДП) алдын ала баалоого ылайык, 69 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3% өскөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистиканы чыгаруу жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтуусунда, «Кумтөр» кенин эске албаганда ИДПнын көлөмү 61 млрд сомду түзүп, 3,3% өскөн.

«Алсак, 2020-жылдын январь-февраль айлары аралыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 9,8% өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү текстилдик өндүрүштө (1,6 эсеге), кийим өндүрүшү (1,5 эсеге), резина жана желим буюмдар (46,7%), жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүүдөн (9,2%), ошондой эле азык-түлүк өндүрүшүнүн (3,8%) эсебинен камыздалган», - дейт Турдубаева.

Пикир

Оставить комментарий