• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын ИДПсы жыл аягына чейин оң өсүш темпин көрсөтөт – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү өндүрүш секторунун эсебинен өсөт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Буга чейин Улуттук статистика комитетинин алдын ала отчётунда ИДПны түзүү түзүмүндө оор өнөр жай өндүрүшүн чыгаруунун көлөмдөрүнүн төмөндөгөнүнө байланыштуу терс көрсөткүчтөр байкалганы айтылган.

Кыргызстандын ИДПнын көлөмү 2018-жылдын январь айынан август айына чейин 310,2 миллиард сомдон ашкан. Аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөгөн жана экономикалык өсүштүн басаңдаганынан кабар берет.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда ИДПнын 8 ай ичиндеги көлөмү 283 миллиард сомду түзүп, 2,1 пайызга өскөн.

Өкмөт башчы Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн, өндүрүштүн көлөмүн 2018-жылдын аягына чейин көбөйтүү тууралуу макулдашылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий