• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги кайрымдуулук дипбазарына катышты

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 26-февралында Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги Индияда акккредитацияланган 40тан ашык дипмиссиянын өкүлдөрү менен биргеликте жыл сайын өтүүчү 28-эл аралык кайрымдуулук дипбазарына катышты, деп билдирди КР ТИМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, Кыргыз Элчилигинин павильонуна коюлган улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана кыргыз жаңгагынан, балынан, өрүгүнөн, жүзүмүнөн, кайналысынан, семичкесинен жаслган таттуу тамактар дипбазардагылардын кызыгуусун арттырды.

“Кыргыз Элчилигинин павильонуна коюлган улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана кыргыздын улуттук таттуу тамактары, дегеле Кыргызстан тууралуу маалыматтар жазылган туристтик брошюралар көргөзмөнүн катышуучуларына таратылып берилди”,-дешти КР ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий