• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Исаев Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрь күнү Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкулоо болгон.

Жолугушууда тараптар Индия ийгиликтүү ишке ашырып жаткан аскер чөйрөсүндөгү тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскердик-техникалык кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышкан.

Белгилей кетсек, Индия аскердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча дүйнөдө 4-орунда, куралдуу күчтөрүнүн саны боюнча 3-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий