• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Индиядагы элчиси коронавирус боюнча форумга катышты

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев кечээ, 8-апрелде “Covid 19 – Дүйнөлүк көз караш жана алдыга карай жол” аталышындагы форумга катышты. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Форумга Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев, Индиянын Экономикалык соода уюмунун (IETO) президенти Асиф Икбал, Хайдарабаддагы М.Азад атындагы Урду университетинин ректору Ф.Ахмед, Жайпур падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү М.Сингхтин, Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, IETO департаменттеринин директорлору, Индиядагы алдыңкы компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле Индиядагы илимий жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча кызуу пикир алмашуу болду. COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө карабастан индиялык ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин билдиришип, Индиянын ишкер делегацияларынын Кыргызстанга иш сапарларын уюштуруу жөнүндө даярдыгын билдиришти.

Элчи Исаев өз сөзүндө кыргыз өкмөтү тарабынан COVID-19 менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жана анын кесепеттери жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу да тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанисин белгиледи.

Фармацевтика жаатында илимий жана өндүрүштүк потенциалды түзүү боюнча ишти улантуу зарылчылыгынан улам Исаев Кыргызстанда фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү секторундагы ишти күчөтүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий