• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылды

Саясат 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кечээ, 9-ноябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Элиликти ачуу аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары М.Серени, Италиянын ар кайсы шаарларындагы кыргыз диаспораларынын лидерлери, кыргыз студенттер жана Италия жарандары катышты.

Аземдин жүрүшүндө Р.Казакбаев Кыргызстандын элчилигин ачууга колдоо көрсөткөнү үчүн италия тарапка жана Италия ТИМине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Италия ТИМинин орун басары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Италиялык тарап жакынкы аралыкта Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, кийинки жылы Кыргызстан менен Италия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт, ушуга байланыштуу бир катар бирдиктүү иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий