• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын өкүлдөрү Аланияда өткөн Эл аралык туризм жана искусство фестивалына катышты

Маданият 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-4-июнунда Алания шаарында "Түрк мамлекеттери – Түркиянын жүз жылдыгына" аттуу 21-эл аралык туризм жана искусство фестивалы болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, фестивалга Анталия шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Рустам Кошонов, элчиликтин кызматкерлери, ошондой эле Анталиядагы кыргыз коомдорунун өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын алкагында этно-аймак ачылып, боз үйлөр тигилип, анда өзгөчө кыргыз коомдору Кыргызстандын бай маданияты, каада-салты, үрп-адаттары тууралуу маалымат беришти. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Фестивалдын кечки программасынын алкагында майрамдык концерттер уюштурулуп, алардын жүрүшүндө Түркияда жашаган жарандардын, ошондой эле Кыргызстандан атайын чакырылган чыгармачыл жамааттар өнөрлөрүн тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий