• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын өкүлдөрү Ташкентте эл аралык өнөр жай форумуна катышууда

Экономика 0

Ташкент, 16-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Кыргызстандык ишкерлер Ташкентте «Uzbekistan Industrial Forum-2017» IX эл аралык өнөр жай форумуна катышууда.

КРнын Жалал-Абад облусунун “Сары Таш” компаниясынын Ташкенттеги өкүлү Ибрагим Янгибаевдин айтымында, ушул сыяктуу иш-чаралар азыркы өндүрүштүн алдыңкы технологиясы менен таануу, андан тышкары өзбекстандык гана эмес, чет элдик өндүрүшчүлөр менен дагы өнөктөштүк мамиле түзүүгө жакшы шарттарды түзөт.

“Кыргыз-өзбек мамилелеринин позитивдүү өзгөрүүлөрүнүн алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнесинин ортосунда соода мамилелери активдеше баштады. Бирок, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлде чечиле турган көйгөйлөр бар, мисалы бажы чөйрөсүндө”,-деди ал.

Ошондой эле, форумга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин биринчи катчысы Гүлнура Нарматова катышты.

Иш-чара 17-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий