• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын көмүскө экономикасы канча пайызды түзөт? – экономика министринин жообу

Экономика 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Расмий статистика боюнча 2018-жылы Кыргызстанда көмүскө экономика 23,6%ды түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6%ды түзө турганын айткан министр, эксперттердин маалыматы боюнча, ишкерлер "катып жүргөн" каражат 1,5 млрд долларды түзөрүн билдирди.

"Өкмөт ал каражаттардын улуттук экономикага иштешине кызыкдар. Мындан улам капиталды мыйзамдаштыруу же башкача айтканда мунапыс берүү демилгеленген. Мыйзамдаштырылган каражаттардын бир бөлүгү экономиканын өсүшү үчүн жумшалат деп ишенебиз", - деди ал.

Ал белгилегендей, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

"Ал мыйзам долбоору өтүп калса, капиталды мыйзамдаштыруунун жүрүшүндө ал каржы каражаты кайсы жактан келгенин эч ким иликтебейт, эч ким жазага тартылбайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий