• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-майда күндүз жана 10-11-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 10-майда күндүз жана 11-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 11-майда Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий