• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Азия биринчилигинде (U-23) 12 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Монголиядагы Азия биринчилигинде (U-23) 12 медаль жеңди. Бул тууралуу United World Wrestling эл аралык уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш Улан-Батор шаарында 21-24-март күндөрү болуп өткөн.

Грек-күрөшүнүн балбандары 8 медаль утушуп, жалпы командалык орунда экинчи болушкан. Сардарбек Конушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Ренат Ильяз уулу (77кг), Роман Ким (130 кг) алтын медаль тагынышкан.

Андан тышкары Эльмар Талантбек уулу (63 кг) менен Калидин Асыкеев (87 кг) күмүш медалга татыган. Ал эми Амантур Исмаилов (67 кг) менен Бек Коңурбаев (72 кг) үчүнчү орунду ээлешкен.

Ошондой эле эркин күрөштө Улукбек Жолдошбеков (61 кг) биринчи орунду ээлесе, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) экинчи, Атай Изабеков (79 кг) үчүнчү болгон.

Кыз-келиндер арасында Нураида Анаркулова күмүш байге алган.

Пикир

Оставить комментарий