• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында мамлекеттик кабыл алуу болду

Президент 0

Бишкек, 15.12.21./Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү.

Эске салсак, 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген.

1991-жылдын 31-августунда «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларациянын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Башмыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Советтин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация» жөнүндө токтом кабыл алган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.

Мамлекет башчысы иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы Кыргызстан эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду.

Ал бүгүн улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы-бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жакындары тарабынан берилген мамлекеттик ишмердин күндөлүгүнүн түп нускасын Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна тапшырды.

Садыр Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин кол жазмасы Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланып, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы улуттук таберик болорун белгиледи.

Андан соң мамлекеттик кабыл алуунун меймандарына баарлашып, пикир алмашууга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин колжазмасы тарых музейинин баалуу экспонаттарынын катарына киргенин жана мамлекеттин өзгөчө кайтаруусунда болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Президент музейге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-августунда Президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу (каза болгондон кийин) жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик тарыхый музейинин ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилек жазып калтырды.

Андан соң мамлекеттик кабыл алуунун меймандарында өз ара баарлашып, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Пикир

Оставить комментарий