• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын калкын кайра каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык каттоо бөлүмүнүн адиси Айзада Тукашева билдирди.

Анын айтымында, эл каттоо жашаган үйдө каттоосу туруктуу же убактылуу, ошондой эле турак жай аянтына болгон укугуна карабастан жана эч кандай документтерди көрсөтпөстөн жүргүзүлөт.

Ал ошондой эле, каттоонун кызматкерлерин окутуу убактысы үч күнгө чейин кыскартылып, кошумча окутуучу видеороликтер иштелип чыкканын белгиледи.

Эске салсак, былтыр эл каттоо коронавирустук пандемиядан улам жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий