• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын калкын каттоо үчүн 25 миң адам тартылат

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын калкын каттоону жүргүзүү үчүн 25 миң адам тартылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, алардын ичинен 18 миң адам маалыматты чогултуу менен алек болушат. Калган адистер маалыматтарды даярдоо жана иштеп чыгуу менен алектенишет. Жалпысынан өлкөнүн аймагында 560 каттоо бөлүмү, 4 миңге жакын инструктордук тилке түзүлөт.

Калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин атайын даярдалган көчүрмөчүлөр тарабынан сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт. Республиканын айрым аймактарында кампания 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелге чейин өтөт.

Алдыдагы калкты каттоонун негизги айырмасы каттоо барактарына КМШга жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн эмгек миграциясы боюнча суроолордун моделдик блогунун кошулушу. Ал эмгек ишмердүүлүгү жана миграция боюнча маалыматтарды чогултууга жол ачат.

Ошондой эле сурамжылоого биринчи жолу туруктуу өнүктүрүү максаттарынын индикаторлору кирет. Бул – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын санын аныктоого жардам бере турган калктын мүмкүнчүлүктөрүнүн функционалдык чектөөлөрү боюнча суроолор.

Пикир

Оставить комментарий