• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын калкынын 71,2 пайызынын коронавируска каршы антителосу бар

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын 71,2 пайызынын коронавируска каршы антителосу бар. Бул 1-апрелге карата алынган маалыматтар, - деп билдирди "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Анын айтымында, бул оорунун өсүшү азайышы керек дегенден кабар бербейт.

"Калктын 28 пайызында антитело жок, бул болжол менен 1 млн 800 миң адамды түзөт. Биздин маалыматтар боюнча, коронавирус жуккандардын 50 пайызында оору симптомсуз өтөт. Ошентип антителасы жок жарандарды экиге бөлгөндө - 900 миң калк болот. Бүгүнкү күндө алар бир убакытта илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Элдер той өткөрүп, коомдук унааларда тыгылып жүрүшөт, мында коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий