• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын калкынын 77%ы той өткөрүп, тойго барышат – изилдөө

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын 77%ы той өткөрүп же тойго, майрамдарга бара алышат. Бул жөнүндө Улуттук статистика комитетинин изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөдө айтылгандай, ошол эле учурда ар бир үчүнчү үй-бүлө гана андай чоң иш-чараларды өткөрө алышат.

Көп учурда шаар тургундары чакан майрамдарды өткөрсө, айыл тургундары ири улуттук иш-чараларды өткөрүшөт. Элетте той, аш берүү сыяктуу ири иш-чаралар болсо, шаарда туулган күн, маараке уюштурулат.

Ири иш-чараларды өткөрүү боюнча ар облустун мүмкүнчүлүгү ар кандай: Нарын, Баткенде жогору, эң төмөнү - Бишкек шаарында, Ош, Жала-Абад облусунда.

Ошол эле учурда изилдөөдө белгиленгендей, жалгыз картаң адамдардын төрттөн бири эт жана балык азыктарын сатып алууга чамасы жетпейт.

Пикир

Оставить комментарий