• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын калкынын билим деңгээли кыйла жогору – эл каттоонун жыйынтыгы

Билим 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. 2022-жылы эл каттоонун натыйжалары Кыргызстандын калкынын билим деңгээли кыйла жогору экендигин тастыктады.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылгандай, 15 жаш жана андан улуу курактагы калктын санынын 29 пайызынын жогорку жана толук эмес жогорку билими бар, 22 пайызынын – орто кесиптик жана баштапкы кесиптик билими бар, 34 пайызынын – бүтүргөн орто жалпы билими бар жана 10 пайызынын – негизги жалпы билими бар.

Калктын 4 пайызынын гана башталгыч билими бар, бир пайызынын – башталгыч жалпы билими жок болуп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий