• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын калкынын саны акыркы 120 жылдын ичинде 9 эсе өстү

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын саны 1897-жылдан 2018-жылга чейин 9 эсеге өстү. Бул тууралуу 2020-жылга калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

“1926-жылга салыштырмалуу КРнын калкынын саны 6 эсеге көбөйгөн”, - деди ал.

Анын айтымында, бул жолу калкты каттоо өкмөттүн токтомуна ылайык 2020-жылдын 23-мартында башталып, 10 күнгө созулат.

“Эл каттоо 5 формадан турат: каттоо барагы жана жарандардын тизмеси, каттоо барагы жана жарандар, каттоо барагы жана турак-жай, каттоо барагы жана КРнын аймагында 1 жылдан ашык убакыттан бери жашабаган жарандар, каттоо барагы жана оорукана, мейманкана сыяктуу жайларда убактылуу жашап жаткан жарандар”, - деп билдирди А.Султанов.

Каттоо бир нече баскычта өтөт.

“Иш жүргүзүүнүн методологиясын аныктоо, актыларды жана тиешелүү документтерди даярдоо, түшүндүрүү иштери, каттоо жүргүзүү, автоматташтырылган системага маалыматтарды киргизүү жана жыйынтыктарды аныктоо. Алыскы райондордо каттоо 20-29-апрель күндөрү өтөт”, - деди Султанов.

Кыргызстандын калкынын саны 2018-жылдын 1-январына карата 6,256 миллион адамды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий