• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын капчыгында 31 медаль. Түркияда Ислам оюндарынын жабылуу аземи өттү

Спорт 0


Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ислам оюндары 5-август күнү башталып, 9-август күнү салтанаттуу ачылыш аземи өткөн.

Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.

Жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.

Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Эскерте кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Пикир

Оставить комментарий