• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын каратэ-до курама командасы Шымкенттеги БА чемпионатында 21 медаль алды

Спорт 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргызстандын каратэ-до курама командасы Шымкенттеги Борбор Азия чемпионатында 21 медаль алды. Бул тууралуу КР Шотокан каратэ-до федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир Шымкентте 15-16-апрелде өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжандан 600дөн ашык спортчу катышкан. Кыргызстандан Ош шаарынын, Жалал-Абад, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 80 спортчусу катышты.

Биринчиликтин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар 10 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалын алышты. Алтын медаль алгандар: Дөлөтбаев Самарбек, Бекмурза уулу Арнас, Жалилов Эльхан, Апсатаров Абдибек, Усекеева Асель, Шаирбек уулу Даниэль жана Жакшылыков Атай.

Мындан тышкары, турнирдин алкагында чоңдор арасында командалык мелдештер өттү. Анда Кыргызстан 1-орунду алды.

“Биз 2020-жылы Японияда өтүүчү олимпиаданын медалдарын максат кылып турабыз. Анткени каратэ спорттун олимпиадалык түрү болуп саналат”, - деп белгиледи КР Шотокан каратэ-до федерациясынын президенти Камалдин Токтосартов.

Пикир

Оставить комментарий