• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Катардагы элчилиги поэзия сынагына катышууга чакырат

Маданият 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчилиги кыргыз тилинде өтүүчү “Алдыга максат коюңуз жана ага жетмейинче багынбаңыз” темасында Nazra аттуу поэзия сынагына катышууга чакырат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, поэзия сынагы Катар поэзия борбору менен биргеликте уюштурулууда жана 2021-жылдын 1-октябрынан 15-октябрына чейин аталган борбордун Инстаграм расмий баракчасында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Жеңүүчү 5 миң катар риал (1,380 АКШ доллары) өлчөмүндөгү байгеге ээ болот жана ошондой эле 2022-жылдын 21-мартында Катар мамлекетинде өтө турган Эл аралык поэзия күнүнө катышууга жолдомо алат.

“Андыктан, Катар жана Кыргызстандагы бардык жарандарыбызды жана акындарыбызды сынакка катышууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуунун шарттары: Катар поэзия борборунун Инстаграм расмий баракчасында (diwanalarab_qa) жайгаштырылган сынактын темасынын астына аталган теманы ыр (комментарий бөлүмүндө) түрүндө улантуу керек. Ар кандай саясий, диний ж.б. үгүт-насааттар, талаш-тартыштар жана жарнама берүүгө чектөөлөр бар.

Жогорудагы сынакка Катарда жана Кыргызстанда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Сынакка катышууга чакыруу видеосуна шилтеме.

Катар Поэзия борборунун Инстаграм расмий баракчасына (diwanalarab_qa) шилтеме.

Пикир

Оставить комментарий