• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси чет өлкөлүк дипмиссиялардын башчылары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-17-сентябрында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Азербайжандын элчиси Агалар Рахим оглу Атамогланов, Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев жана Түркиянын элчиси Уфук Экиджи менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө элчи Дюшекеев кесиптештерине Кыргызстандагы ички саясий абал жана алдыда боло турган маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилди.

Ошол эле учурда тараптар Кыргызстан менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелер, кызматташуунун келечеги жана өз ара кызыкчылык жараткан башка маселелер боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий