• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Казакстандагы элчисин 2018-жылдын аягына чейин дайындашат – ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчисин 2018-жылдын аягына чейин дайындашат. Бул тууралуу КР ТИМ биринчи саясий департаментинин директору Канат Турсункулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда бул постко талапкерлик даярдалууда.

“Тышкы иштер министри буга чейин маалымат жыйынында дайындоо жакында болорун айткан. Бул процесс узак, себеби агреман суралууда. Элчини жыл аягына чейин дайындайбыз”, - деди Турсункулов.

Учурда Кайнарбек Токтомушев Кыргызстандын Казакстандагы иштеринин убактылуу ишенимдүү өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий