• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын келечектеги өкмөт башчысына көз арта да албайсың - Чыңгышев

Коом 0

Бишкек, 14.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкекте "Жаңы өкмөттө реформалар керекпи жана өкмөт башчы кызматына көрсөтүлчү талапкерлер" деген аталышта тегерек стол өтүп жатат. Бул иш-чара саясат таануучулардын эл аралык конгресси тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эксперттери алдыдагы парламенттик шайлоону талкуулап, шайлоого байланышкан маселелерди сөз кылышат.

Парламенттик шайлоо жана алдыда ким өкмөт башчы болушу мүмкүн экениндиги тууралуу мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев ой бөлүштү.

"Бүгүн талкууланып жаткан маселе өтө олуттуу. Өкмөт башчы ким болсо да ага көз арта да албайсың. Азыркы конституция боюнча учурдагы кырдаал жана турмуш чындыгы менен алганда кимди гана премьер-министр кылып тандабасын ал өкмөт башчысы боло албайт. Себеби ал көпчүлүк коалициясына көз каранды. Бүгүнкү күндөгү турмуг чындыгы келечекте да калат. Жаңы парламенттин ишинде өзгөрүүлөрдү күтүүнүн кереги жок. Кимди гана өкмөт башчы кылып сунуштабасын анын кадыр-баркы болушу керек", - деди ал.

Аны менен бирге ал, премьер-министр боло турган адам анын репутациясына таасир тийгизе турган бир катар тобокелдүү маселелерди чечиши керек боло тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий